Миңдеген мамкызматкерлер аралыктан иштөө үчүн Бали аралына барышат

Индонезиянын бийлиги миңдеген мамлекеттик кызматкерлерин аралыктан иштөө үчүн Бали аралына жөнөтүү боюнча программа иштеп чыкты. Бул тууралуу Bloomberg жазды.

Аталган өлкөнүн Туризм жана креативдүү экономика министри Сандиага Уно программанын даярдыгы финалдык стадияга жетип калганын айткан. Аралга деңиз иштери жана инвестиция боюнча министрлигинин баш-аягы 8 миңдей кызматкери барат. Бул программанын жардамы менен өлкөнүн бийлиги Бали аралындагы отелдер менен ресторандардын иши жүрүшүп кетишин, жалпы эле пандемия учурунда катуу зыян тарткан аралдын экономикасын кыска убакытта калыбына келтирүүнү көздөп жатат.

2020-жылы туризмге негизделген Индонезиянын экономикасы 2 пайызга ылдыйлаган. 2021-жылдын январь-апрель айларында Бали аралына болгону 350 чет өлкөлүк турист келген. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде саякаттап келген жер кезерлердин саны 1,2 миллиондон ашуун болчу.