Министр Ван И: «Коронавирус Кытайдан чыккан эмес, Кытай коронавирус тууралуу биринчи маалымат берген»

Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И коронавирустун келип чыгуусу тууралуу айтып берди. Анын пикиринде дүйнөнүн түрдүү жерлеринде жайгашкан очоктордо жаңы инфекциянын пандемиясы келип чыкканын изилдөөлөрдүн көбүндө белгиленген.

“Кытайда белгисиз коронавирус чыкканда бийлик тез аранын ичинде эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүү үчүн чараларды көргөн. Кытай аталган илдетке чалдыккандар тууралуу биринчи маалымат берген мамлекет болуп калды”, — дейт Тышкы иштер министри Ван И.

Ал эми АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Мэтью Поттингер Кытайдын лабораториясынан коронавирус бүтүндөй дүйнөгө тараган деген теория чындыкка жакын экендигин билдирди. Ал сөзүнө далил көрсөтө алган эмес, бирок анын колунда чалгынчылар берген соңку маалыматтар бар экенин кыйыткан.

Коронавирус алгачкы жолу 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухан шаарында чыгып, 2020-жылдын март айында Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюму ал кырдаалга пандемия деген мүнөздөмө берген.