Минскте оппозициячыл маанайдагы журналистти кармоо үчүн учакты мажбурлап кондурушту

Минскте оппозициячыл маанайдагы журналистти кармоо үчүн учакты мажбурлап кондурушту. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

Бүгүн, 23-майда Беларустун борбору Минскте Афины шаарынан Вильнюска учуп бара жаткан Ryanair авиакомпаниясынын учагы «бомба бар» деген шылтоо менен кондурулду. Учакта жүргүнчүлөрдүн катарында Nexta Телеграм-каналынын мурдагы башкы директору, журналист Роман Протасевич болгон. Ал аталган каналдан кеткенден кийин «Беларусь головного мозга» деген дагы бир оппозициялык каналды негиздеп иштетип жаткан. Учуунун алдында журналист артынан аңдып жүрүшкөнүн байкаган. Минскте 123 жүргүнчүнүн баарын учактан түшүрүп, аэропортто кайрадан кароодон өткөрүп жаткан учурда Роман Протасевич кармалган.

Учак «бомба бар» деген шылтоо менен кондурулганы менен бул маалымат кийин такталган жок. Беларустун президенти Александр Лукашенконун басма сөз кызматына жакын болгон «Пул первого» Телеграм-каналы учак Минскте кондурулары менен «Беларусь Европаны сактап калды» деген аталыш менен пост жарыялаган. Анда кырдаал тууралуу президентке маалымат жеткирилгени жана Лукашенко учакты кондурууну буюрганын, аны коштоо үчүн абага МиГ-29 аткычы да көтөрүлгөнү жазылган.

Бул аралыкта Литванын президенти Гитанас Науседа Беларустун бийлигинен тез аранын ичинде Роман Протасевичти бошотууну талап кылды. «Эл аралык жарандык авиация үчүн коркунуч жараткан Беларустун режимине карата чукул түрдө реакция кылууга чакырам. Бул үчүн НАТО жана Европалык союздагы союздаштарга кайрылам», — деди Литванын президенти.