Мирзиёев «жашыруун» резиденциясы делген иликтөөгө боюнча үн катты

Өзбекстандын мамлекеттик «Өзбекстан темир жолдору» ишканасы президент Шавкат Мирзиёев үчүн курулган хансарай делген иликтөөдө айтылган маалыматтарды «негизсиз жана жалган» деп төгүндөлдү. Мындай пикирди өзбек президенти Ташкент облусундагы иш сапары учурунда билдирген.

Анда  Мирзиёев «Өзбекстан темир жолдору» ишканасы мамлекетке таандык экенин, ал жерде эч ким жашабай турганын жана эч кимге берилбегенин айткан.

Белгилей кетсек, 23-февралда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жашыруун делген хансарайы тууралуу жергиликтүү «Озодлик» радиосу иликтөө чыгарып, жарыялаган. Анда Мирзиёевдин хансарайы «Өзбекстан темир жолдору» ишканасынын ордуна курулганы айтылып, аталган объекттин аянты Путиндин Геленжиктеги хансарайы делинген имаратка дээрлик окшош экени маалымдалат.