Мирзийоевдин кызы мугалимдерди өз ишине байланышы жок жумушка тартуу токтотуларын айтты

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин кызы Саида Мирзийоева мугалимдерди өз ишине байланышы жок жумушка тартуу токтотуларын айтты. Ал президенттик администрацияда коммуникация жана маалыматтык саясат боюнча секторду жетектеп келери маалым.

«Биздин президент айткандай, бардык маселердин чечилүү жолу — бул билим берүүдө. Анын башкы негизи мугалимде! Бүгүн биз мугалимдин баалуулугу жана кадыр-баркы жогору болгон коомду түзүшүбүз керек. Биз буга коомчулук мугалимди коргогон учурда гана жетише алабыз. Мугалимдерди өз ишине байланышы жок жумушка тартууга мажбурлоого каршы турушубуз зарыл», — деди ал.