«Казакстан сулуусу-2000» сынагынын катышуучусунун жансыз денеси Москвада табылды

«Казакстан сулуусу-2000» сынагынын катышуучусу Наталья Стешенконун (Семаго) сөөгү Москвада табылганын Tengrinews.kz жазды.

Орусиялык басылмалардын маалыматына караганда, Москвадагы Луна театрынын 37 жаштагы актрисасын 28-ноябрь күнү түштөн кийин бала таап алган. Бала кошуналарды жардамга чакырып, алар Тез жардам кызматын чакырышкан. Бирок аялды сактап калууга мүмкүн болгон эмес, ал дарыгерлер келгенге чейин каза болгон.

Зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Так себеби соттук-медициналык экспертизадан кийин аныкталаары айтылууда. Наталья Стешенко Павлодарда туулган, 2000-жылы «Мисс Казакстан» сынагына катышкан. Луна театрында иштеген, ошондой эле «Алданган аялдар лигасы» сериалында башкы ролду ойногон.