Miss Universe сынагына катышкан казак сулуусу кыргыз дизайнеринин көйнөгүн кийип чыкты

Сальвадордо өткөн Miss Universe сынагына катышкан Казакстандын 20 жаштагы сулуусу Томирис Заир улуттук костюмдарды көрсөтүүдө кыргыз дизайнери Арзубек Вонаманын көйнөгүн кийип чыкты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Буга чейин «Мисс Алматы-2022» и «Вице-мисс Казакстан-2022» титулдарынын ээси болгон казак сулуусу эл аралык сынактын ТОП-20 катарынан орун алды. Ал эми Miss Universe сынагынын жеңүүчүсү Никарагуанын сулуусу болду.