«Митинг эмес, майрам». Өзбекстандын ИИМи фейк кабарлар тууралуу эскертти

Социалдык тармактын колдонуучулары Өзбекстанда массалык митинг өтүп жатканын жазып, видео менен бөлүшүп жатышат.

«Бул билдирүү жана маалымат таптакыр негизсиз жана чындыкка дал келбейт. 31-декабрдагы майрамдык иш-чараларды көрүү үчүн көчөлөргө көп сандаган жарандар чогулду. Майрамдан кийин алар үйлөрүнө тарап кетишти», — деп белгилейт Өзбекстандын Ички иштер министрлиги.