Моделдин импланты жараксыз абалга келип, ал эми өзүн уникалдуу деп атай баштады

Соцтармакта пластикалык операциялары менен таанымал болгон модель Мария Магдаленанын импланты жараксыз абалга келип, ал эми өзүн уникалдуу деп атай баштады.

Ал жарыялаган сүрөттө импланттын жарылып кетүүсүнөн улам кыздын бир эмчеги чоңоюп кеткенин көрүүгө болот. Модель хирургдарга жетип баруунун ордуна мындай көрүнүшүнө сүйүнүп жатканын билдирген. Анын күйөрмандары аман калганына шүгүр кылып, ден соолук менен ойношпо деп, эртерээк ооруканага баруу керектигине кеңеш беришүүдө.

27 жашка келип калган Мария Магдалена башынан 20дан ашуун операцияны өткөрүп, ага 100 миң доллардай короткон. Ал социалдык тармактагы жарнамадан акча таап, ошондой эле сүрөт тартат.