Модельер Вячеслав Зайцевдин кайсы оорудан каза болгону айтылды

Белгилүү орусиялык модельер Вячеслав Зайцевден ашказан жарасы аныкталган. Бул тууралуу «Известия» гезити жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, дал ушул жара ашказан-ичегисинин кан кеткенине себеп болгон. Ооруканага жеткирилгенден бир нече сааттан кийин дизайнер каза болгон. Ошондой эле интернетте Зайцевдин өлүмүнөн бир нече күн мурун тартылган сүрөтү пайда болду.