Молдовада президенттик шайлоодо оппозициялык талапкер утуп чыкты

Молдовада президенттик шайлоонун экинчи турунда оппозициялык талапкер утуп чыкты. Добуштардын 97 пайызы эсептелип чыгып, анын жыйынтыгы боюнча 54 пайыздык колдоого ээ болуу менен мурдагы өкмөт башчы, оппозициялык партиянын лидери Майя Санду алдыга озуп чыкты.

Молдованын учурдагы президенти Игорь Додон болжолдуу 46 пайызга жакын добушту чогулткан.

Президенттик шайлоонун биринчи туру 1-ноябрда болуп өткөн. Анда Додон 32,74 пайыздык, ал эми Санду 35,96 пайыздык добушка ээ болгон эле.