Молдованын президенти Георгий лентасынын орду тарыхтын таштанды челегинде экенин айтты

Молдованын президенти Майя Санду Георгий лентасын колдонууга тыюу салган мыйзамга кол койгонун айтып, бул курман болгон баатырлардын элесин сыйлоого тоскоол болбой турганын жана Жеңиш күнүн майрамдоого таасирин тийгизбей турганын белгиледи. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

«Мен Молдовада агрессияга үндөгөн символдорду колдонууга тыюу салган мыйзамга кол койдум. Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет», — деди СандуАнын айтымында, бул Молдованын эркиндиги үчүн курман болгондордун элесин урматтоого зыян келтирбейт.