Молдованын президенти Орусиянын тарабында согушка аттана турган жарандарын паспортсуз каларын эскертти

Молдованын президенти Майя Санду Орусиянын паспортун алган Молдованын жарандары Украинадагы согушка катышуу үчүн орусиялык армияга чакырылып, согушка аттана тургандарды паспортсуз каларын эскертти. Бул тууралуу өлкө башчысы кечээ, 26-сентябрда жарыялаганын орусиялык басылмалар жазышты.

Молдовада 2000-жылдан тартып кош жарандуулукка уруксат берилген.