Монголияда жуттан өлгөн малдын саны 5 миллиондон ашты

Учурда Монголияда өлгөн мал 5 миллион 222 миң 950 башка жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы башкармалыгы билдирди.

«Малдын өлүшү Монголиянын аймактарындагы жутка байланыштуу болду. Сухбаатар, Хэнтий, Дорноговь, Архангай, Төв жана Дундговь аймактарында малдын эң көп өлүмү катталды»,- деп айтылат расмий маалыматта.