Монголияда массалык нааразылык акциялары өтүп жатат (видео)

Монголияда массалык нааразылык акциялары өтүп жатат. ЖМКлардын маалыматына караганда, митингчилер 12 миллиард долларлык көмүрдү уурдаган коррупционерлерди жазалоону талап кылышууда. Аны Монголия Кытайга жеткириши керек болчу. 

Тарап жаткан видеодон чогулгандардын Улан-Батордун борборундагы Өкмөт үйүнө кирүүгө аракет кылып жатышканын көрүүгө болот. Өлкөдө социалдык тармактарга бөгөт коюлуп жатканы да маалымдалды.