Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Монголиянын парламентинде көмүр экспортунун абалы боюнча коомдук угуу өткөрүүнүн жана өлкө жарандарына ачык маалымат берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Монголиянын Мамлекеттик Улуу хуралында көмүр маселеси боюнча коомдук угууларды өткөрүү жана калкка ачык маалымат берүү маанилүү», — деп жазды.
Ал ошондой эле түзүлгөн кырдаалга объективдүү баа берүү зарылдыгын белгиледи.
Монголияда массалык нааразылык акциялары өтүп жатат. ЖМКлардын маалыматына караганда, митингчилер 12 миллиард долларлык көмүрдү уурдаган коррупционерлерди жазалоону талап кылышууда. Аны Монголия Кытайга жеткириши керек болчу.