Мөңгүлөрдүн эришинен улам тоо тектеринен чыккан сымап сууга кошулат. Мындай маалыматты АКШнын Флорида университетинин окумуштууларына таянып чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Алар Гренландия муз катмарынын түштүк-батыш четиндеги эриген суунун курамын анализдеп, жакынкы дарыяларда сымап көп топтолуп жатканын аныкташты. Көптөгөн тоо тектеринде табигый сымап кездешет. Кыртышта жатканда анын зыяны болбойт. Бирок мөңгү эрип, ылдый ага баштаганда таштарды талкалап, сымап бөлүнүп чыгып, уулуу метил кычкылына айланат. Кийин ал эриген мөңгү суулары менен айлана-чөйрөгө таасирин тийгизе баштайт. Тирүү организмде топтолгон бул кошулма борбордук нерв системага зыян келтирет жана башка ооруларды козгойт. Сымап адамдын тамак сиңирүү органдарында тез эле топтолот.
Окумуштуулар Гренландияга эки ирет, 2015 жана 2018-жылы экспедиция жасашкан. Ал жактан секундасына 800 метр куб аккан мөңгү суулары кошулган үч дарыядан суу алынып, текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мөңгүлөрдөн алыс жайгашкан дарыяларга караганда бул сууларда сымаптын концентрациясы 10 эсе жогору экени белгилүү болду. Изилдөөнүн натыйжасы мөңгүлөрдүн бат эришин жана анын кесепеттерин көрсөттү. Бул көрүнүш биринчи кезекте Арктиканын түпкү эли үчүн маанилүү. Алар азыктануунун негизги булагы болгон деңиз жаныбарларына аңчылык кылуунун салттуу ыкмасын сактап калышкан. Курамына сымап кирип калган эт адамдын ден соолугу үчүн өзгөчө кооптуу.