Москва аз жерден башкы балатысыз кала жаздады. Бул тууралуу «Известия» маалымдады.
Кечээ, 30-декабрда түнү Кызыл аянтта турган жаңы жылдык балатыга белгисиз эркек киши бензин чачып, кийин өрт коймокчу болгон. Бирок аны кармап калышып, балатынын тегерегин курчоого алышкан. Бүгүн, 31-декабрда түнү аянт жабык болору маалымдалды.