Москва бийлиги мигранттарды курулушка иштетүүдөн баш тартууну пландоодо

Москванын мэринин шаар куруу саясаты жана курулуш боюнча орун басары Андрей Бочкарев борбор калаа бийлигинин шаардагы курулуштарга мигранттарды тартуудан баш тартуу планын билдирди. Ал РБКга берген маегинде пландын чоо-жайы менен бөлүштү.

Андрей Бочкарев реконструкциялоо программасынын алкагындагы курулуштун масштабдарынан улам борбордо жумушчулар жана инженер-техник кызматкерлер жетишпей жатканын билдирди. Ал жумушчу күчүнүн жетишсиздигин 40 пайыз деп эсептеген. Вице-мэрдин айтымында, пандемия учурунда шаардын курулуштарында иштеген мигранттардын көбү кетип калган – 120 миң адамдын ичинен 40 миңи гана калган. Жумушчулардын этникалык курамы да өзгөрдү: эгер бир убакта Тажикстандан көбүрөөк келген болсо, азыр курулушта негизинен Өзбекстан менен Кыргызстандан келген мигранттар

Эмгек мигранттарынын айлыгы да өзгөргөн, алар мурдагы айлыкка иштөөгө даяр эмес. «Мигранттын курулуштагы орточо айлыгы азыр 50-60 миң рублдин тегерегинде. Ал эми мурда 30 миң рубль болчу. Бирок көбү 80 миң рублга да иштөөнү каалабай жатышат”, — дейт Москванын вице-мэри. Ал шаардын курулуш объектилеринде чет элдик жумушчу күчү жок иштөөгө мүмкүндүк бере турган иш-чаралардын планын иштеп чыгуу милдетин койгонун баса белгиледи.