Бүгүн, 24-июнда Москва шаары, Москва жана Воронеж облустарында болушу мүмкүн делген теракттардын алдын алуу максатында антитеррордук операция режими киргизилди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Мыйзамга ылайык, мындай режимди киргизүү чечимин Федералдык Коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников же анын тапшырмасы боюнча атайын кызматтын башка кызматкери кабыл алат. Бул режим бийликке кеңири укукту берет. Алсак, күч органдарынын кызматкерлери жарандардын кат жазышуусун мыйзамдуу окуй алат, телефон сүйлөшүүсүн тыңшай алат жана соттун чечими жок бардык имараттарга кире алышат. Аталган аймакта жарандар байланышсыз жана интернетсиз калышы ыктымал.