Москвада 34 жаштагы радионун алып баруучусу бычакталып, көз жумду

Москвада «Русское Радио» радиосунун алып баруучусу 34 жаштагы Анна Азовская өлтүрүлдү. Бул тууралуу бир нече Орус ЖМКлары жазышты.

Маалыматка караганда, анын жансыз денеси 3-январда табылган. Денени кароо учурунда 30 жолу бычак сайылганы маалым болгон.

Кылмышка шектүү катары укук коргоо кызматкерлери 33 жаштагы аялдын чогуу жашаган адамды кармашып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Тергөөчүлөр Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгү (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоду.