Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан Москванын түндүгүндөгү Альфи мунарасы курулуп жаткан аймактан Өзбекстандын 35 жараны кармалды. Алар ашканадагы кезек үчүн мушташа кетишкен.
Мушташ 16-ноябрда болгон. Басылмалардын маалыматына караганда, жумушчулар ашканада орун талашып, жаңжал мушташка чейин жеткен. Эки адам жабыркаган.
Жалпысынан полиция бөлүмүнө 37 адам жеткирилген, алардын 35и Өзбекстандын, дагы экөө Орусия менен Түркиянын жарандары. Мушташтын төрт катышуучусу кармалып, дагы бир нече куруучу изделүүдө. Чыр-чатактын чыгышына себепчи болгондорго “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Флорида штатындагы Бока-Гранде жээгинде үрөй учурган окуя болду. Тогуз жаштагы Леха Ленделге акула кол салган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, үй-бүлө жээкке...
Индиянын Махараштра штатындагы Пуна шаарында 15-июнда Индраяни дарыясындагы көпүрө кулады. Көпүрөдөгү көптөгөн туристтер дарыяга агып кеткен. Бүгүн, 16-июнда эртең менен...