Москвада 35 мигрант ашканадагы кезек үчүн мушташа кетишкен (видео)

Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан Москванын түндүгүндөгү Альфи мунарасы курулуп жаткан аймактан Өзбекстандын 35 жараны кармалды. Алар ашканадагы кезек үчүн мушташа кетишкен. 

Мушташ 16-ноябрда болгон. Басылмалардын маалыматына караганда, жумушчулар ашканада орун талашып, жаңжал мушташка чейин жеткен. Эки адам жабыркаган. 

Жалпысынан полиция бөлүмүнө 37 адам жеткирилген, алардын 35и Өзбекстандын, дагы экөө Орусия менен Түркиянын жарандары. Мушташтын төрт катышуучусу кармалып, дагы бир нече куруучу изделүүдө. Чыр-чатактын чыгышына себепчи болгондорго “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.