Москвада 900 миң мигрантка биометрикалык карта берилди

Москвада дээрлик 900 миң мигрантка биометрикалык карта берилди. Маалыматтар 2024-жылдын декабрында чогултула баштаган. Анын экинчи этабы 2026-жылдын июнь айында башталат.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин биометрикалык көзөмөл мигранттардын кирүүсүн жана чыгышын так жазууга жардам берерин, ошондой эле алардын статусун жана борбордо болушунун мыйзамдуулугун текшерүүнү тездетерин айтты.

Эксперименттин алкагында 1 миллионго жакын электрондук карта берилген. Карталарда миграциялык каттоо, патенттер, Орусияга кирүү жана чыгуу мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтар камтылган.