Москвада Александр Масляков менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат (сүрөт)

Москвадагы «Планета КВН» концерттик залында теле алып баруучу Александр Масляков менен коштошуу зыйнаты өтүүдө. 

Алып баруучу менен коштошуу үчүн ондогон адамдар келишкенин ТАСС жана РИА Новости жазып чыкты.

Александр Масляков 8-сентябрда каза болгон, ал 82 жашта болчу. 1964-жылдан баштап КВНди алып бара баштаган.