Москвада Александр Масляковдун мүрзөсүн бузуп кетишти (видео)

Кечээ, 22-сентябрда Москвада Новодевичье көрүстөнүндө КВНдин алып баруучусу Александр Масляковдун мүрзөсүн талкалап кетишкенин Mash телеграм каналы жазды. 

Маалыматка ылайык, шектүү крестти жулуп, сүрөттөрдү жылдырып, гүлдөрдү чачкан. Мындан кийин вандал скутер менен качууга аракет кылган. Күзөтчүлөр аны кармоого үлгүрүп калышкан. Алар шектүүнү полицияга өткөрүп беришкен. 

Полициянын маалыматына караганда, кылмышка 19 жаштагы жигит шектелип жатат. Жигиттин кылмыш жасаган учурда тыюу салынган заттардын таасири астында болгону да айтылды. Белгилүү болгондой, ал мүрзөнү талкалоодон мурда «ал жерде жатууга татыктуу эмес» деп айткан.