Москвада аял жаңы төрөлгөн ымыркайды көп кабатуу үйлөрдүн алдына таштап салган (видео)

Москвада аял жаңы төрөлгөн ымыркайды үйдүн короосуна таштап кеткен. Бул тууралуу #говоритМосква прокуратурага шилтеме берүү менен билдирди.

Аял ымыркайды Ярославль трассасындагы үйдүн короосуна таштап кеткени такталган. Белгисиз аял жаңы төрөлгөн ымыркайын отургучка таштап, кантип кетип калганы тартылган видео жарыяланды.

«Жергиликтүү тургундар баланы байкап калып, милицияга кайрылышкан. Учурда ымыркайдын ата-энеси изделүүдө«, — деп жазылат маалыматта.