Москвада болуп көрбөгөндөй кар жаап, бир адам каза болду

Кечээ, 13-февраль күнү кечинде Орусиянын Москва шаарында жааган кардын көлөмү бир метрге чейин жетти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай жаратылыштын кесепетинен бир адам карга басырылып каза болгон. Ошондой эле түнү менен шаарда жол тыгындар орун алып, автокырсыктар катталган. Аны менен катар 140 авиакаттам үзгүлтүккө учураган

Адистердин айтымында Москвага жааган бул метр кар метеорологиялык байкоолордун бүткүл тарыхындагы рекордду жаңылаган. Башкача айтканда «Москва шаары өз тарыхында биринчи жолу мындай көп карды көрдү»,-деп билдиришкен өлкөнүн метеорологтору

Учурда Москва шаарында күнү-түнү тазалык кызматкерлери жолдорду карлардан тазалап жатышат.