Москвада чакалап жамгыр төгүп жатат

Бүгүн, 27-апрелде Орусиянын борбору Москва шаарында чакалап жамгыр төгүп жатат. Калаанын айрым райондорунда бир саатка жетпеген убакыттын ичинде бир айлык жаандын нормасынын 70 пайызынан көбү жааган.

Жамгыр жакынкы сааттарда уланары маалымдалып, шамал да болушу мүмкүн экендигин эскертилди.

Шаар тургундарына көчөгө чыгууда абайлоо зарылдыгы жарыяланууда.