Москвада эркек киши ымыркай менен аялды 16-кабаттын терезесинен ыргытып жиберди (видео)

Москвада эркек киши аялын жана ымыркайын 16-кабаттын терезесинен ыргытып жиберди. Бул тууралуу Mash Telegram каналы билдирди.

Маалым болгондой, окуя «Лефортово Парк» турак жай комплексинде болгон. Аял да, ымыркай да ошол жерде жан берген. Кийинчерээк ЖМКлар киши кармалып, аны Тез жардам кызматы менен алып кетишкенин жазышты. Айрым маалыматтарга караганда, жаңжал учурунда аялы экөө күчтүү заттардын таасиринде болгон.