Москвада жардыргыч заттарды сактоочу кампа күйүп кетти (видео)

Кечээ, 19-июнда Орусиянын борбору Москва шаарында жардыргыч заттарды сактоочу кампа жарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Анын түтүнү борбор калааны каптап, бул жарылуу 200 чарчы метр аралыкка чейин жайылган. Жарылган кампа Горький паркынын маңдайында, Лужники спорт аянтынын жанында жайгашкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсү боюнча, өрт чыккан аймакка жумушчу топ өз убагында жетишип барган жана жарылуудан жабыркагандар болгон эмес.