Москвада кайрадан эмгек мигранттарынын катышуусунда массалык мушташ болду

Москвада эмгек мигранттарынын катышуусунда дагы бир массалык мушташ болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, окуя Коптево районунда болгон, алар спирт ичимдиктерин ичишкен. Мушташка катышкандардын арасында мигранттар да, жергиликтүүлөр да бар. Бычактан жаракат алгандардын бири ооруканага жаткырылган. Полиция тарабынан мушташка катышкан 23 адам кармалган. Окуянын катышуучулары депортацияга туш болушу мүмкүн.

2021-жылдын августунан октябрь айына чейин Орусияда эмгек мигранттарынын катышуусунда кеминде 10 жолу массалык мушташ катталган.