Москвада коронавирус менен күрөшүү үчүн кошумча чектөөлөр киргизилет

Москвада коронавирус илдетинин туруксуз абалына байланыштуу пандемия менен күрөшүү үчүн кошумча аракеттер көрүлөт. Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собяниндин билдирүүсүнө таянып, орус маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, аталган шаарда 9-ноябрда күнү COVID-9 илдетине чалдыккандардын саны 6897 кишиге жетип, антирекордду түзгөн. Мындан улам, 13-ноябрдан тартып, 2021-жылдын 15-январына чейин кошумча чектөөлөр киргизиле турганын билдирген.
Тагыраагы, жогорку окуу жайларында жана колледждерде окуган студенттер аралыктан окууну улантышат. Ресторандар менен клубдарга кечки саат 11ден таңкы саат 6га чейин кардарларды кабыл алууга тыюу салынат. Коомдук тамактануу жайлары, бар, дискотека, караоке, боулинг-клуб, картинг-борборлору, балдар аянтчалары бул аралыкта өз ишин токтотот.
Ал эми театр, кинотеатр, концерт залдарына жалпы аянттын 25 пайызы толо тургандай шартта көрүүчүлөрдү киргизүүгө уруксат берилет. Ал эми спорттук иш-чаралар Спорт Департаментинин уруксаты менен гана өткөрүлөт.