Москвада «Мега Химки» соода борборунан өрт чыгып, 1 киши каза болгону маалымдалууда

Бүгүн, 9-декабрда саат 6:00 чамасында Москва шаарында «Мега Химки» соода борборунан өрт чыгып, 1 киши каза болгону маалымдалууда. Орусиянын басылмалары жазган маалыматка караганда, ал кароолчу болушу ыктымал жана кырсык учурунда качып чыгууга үлгүрбөй калган.

Эки саат ичинде 18 миң чарчы метрлик аянтты өрт каптап, OBI гипермаркетинин имаратынын чатыры кулап түшкөн. Саат 8:25те өрт чектөөгө алынып, имараттын дубалы гана калды.

Өрттүн келип чыгуунун башкы версиясы катары учурда өрт коюу каралып жатат.