Москванын Мытная көчөсүндө жайгашкан хостелде өрт чыгып, бир адам каза болуп, 10 адам жабыркаган. Бул тууралуу 23-июлда ТАСС өзгөчө кызматтарга шилтеме берүү менен билдирди.
ЖМКлардын маалыматына караганда, хостелде мигранттар жашачу.
Өрт өчүрүлгөндөн кийин батирден бир адамдын жансыз денеси табылган. Жабырлануучулардын 9у ооруканага жаткырылып, аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Хостелде кеминде 17 уктоочу орун болгон. Москванын Тергөө комитети шалаакылыктан адам өлүмүнө алып келүү беренеси боюнча иш козгоду.