Москвада мигранттарды июль айында эмдөөдөн өткөрүү пландалууда

17-июнда Москва шаарынын мэри Сергей Собянин рестораторлор менен сүйлөшүп, коронавирус күч алып жатканына байланыштуу кафе-ресторандардын иштөө тартибин талкуулады.

Собянин өзүнүн блогунда жазгандай, Москва шаарынын башкы санитардык дарыгеринин токтомуна ылайык, коомдук тамактануучу жайлардагы кызматкерлердин 60 пайызын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүү керек. Бирок рестораторлор айрым мекемелердеги кызматкерлердин 60 пайызын мигранттар түзөрүн белгилешти.

Өткөн жылы Орусияда биринчи кезекте өз жарандарын эмдөөдөн өткөрүү чечими кабыл алынган. «Азыр «Спутник Лайт» өндүрүлүп баштады. Башкача айтканда, бул «Спутника V» вакцинасынын биринчи компоненти. Болжол менен биз «Спутник Лайт» вакцинасын мигранттарды эмдөөгө колдонууга уруксат алабыз. Биздин эсебибиз боюнча, бул июль айында болот, балким эрте дагы болушу мүмкүн», — деп жазган Собянин.

«Спутник Лайт» — бул бир компоненттүү вакцина. «Спутника V» вакцинасынын биринчи компоненти деп да атаса болот.