Москвада селсаяктын 2 миллион рубль акчасын уурдоого шектелген жаран кармалды

Май айынын аягында, Москванын түштүк-чыгышында, бири тапанча менен жүргөн белгисиз үч адам селсаякка кол салып, анын бир баштык акчасын тартып кетишкен. Бул тууралуу «Московская газета» жазып чыкты. 

Жабырлануучу полицияга арыз менен кайрылган эмес. Бирок окуяны региондогу досуна айтып берген. Досунун атасы полицияга арыз жазып, Москвага почта аркылуу жөнөткөн. 

Бир нече күндүн ичинде кол салгандардын бири, 55 жаштагы Дагестандын тургуну табылып, кармалган. Ал күнөөсүн мойнуна алган. Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 4-бөлүгүнө (өзгөчө ири көлөмдөгү тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Акчаны кандай жол менен тапканын селсаяк да, анын достору дагы түшүндүрө алган эмес. Тергөөчүлөр кармалган жарандын шериктерин издеп жатышат.