Москвада Sputnik V вакцинасынын иштеп чыгуучуларынын бири өлтүрүлгөнү айтылууда

Москвада Sputnik V вакцинасын түзүүгө катышкан Гамалея борборунун кызматкери өлтүрүлгөнүн РИА Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 1-март күнү кечинде болгон. 48 жаштагы вирусолог Андрей Ботиков 29 жаштагы досун конокко чакырган. Жаран вирусолог менен уруша кетип, аны кур менен муунтуп өлтүргөн. Полиция шектүүнү тапкан жана ал күнөөнү мойнуна алган.

«Вирусолог Андрей Ботиков улук илимий кызматкер болуп иштеген, Орусияда 2021-жылдын башынан бери колдонулуп келе жаткан Sputnik V вакцинасына патенттин авторлоштору болгон жана дарыны иштеп чыкканы үчүн Владимир Путин тарабынан сыйлыкка ээ болгон», — деп айтылат маалыматта.