Москвада теракт уюштурганы үчүн канча акча алышмак?

Москвадагы «Крокус сити холлдогу» терактты жасагандардын ар бирине эмес, баарына чогуу 500 миң рубль беришмек. Бул тууралуу «Известия» маалымат булагына таянып жазды.

«Кармалгандардын банк картасына акчанын жарымы — 250 миң рубль которулган. Буга чейин терактка шектелгендердин бири Шамсидин Фаридуни сурак маалында кылмышы үчүн жарым миллион рубль төлөп беребиз деп убадаланганын, бирок анын сөздөрү туура эмес чечмеленген»,- деп жазат Известия.