Москвадагы хостелде тинтүү жүрүп, 538 мигрант кармалды

Москванын Новоясеневский проспектисинде жайгашкан хостелде экстремизмге каршы тинтүү учурунда 538 чет элдик кармалганын Орусиянын Тергөө комитетинен билдиришти.

«Экстремисттик коомчулукту уюштуруу (Кылмыш-жаза кодексинин 282.2-беренеси) боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында жатаканада миграциялык мыйзамдардын бузулушу тууралуу маалымат келип түшкөн», — деп билдирет башкармалыктын басма сөз кызматы. Тинтүү орус гвардиясынын колдоосу менен тергөөчүлөр тарабынан жүргүзүлгөн.

Кармалган бардык чет элдиктер миграция мыйзамдарынын сакталышын жана башка мыйзам бузуулар болушу мүмкүндүгүн текшерүү үчүн полицияга жеткирилди. Жатакананын администраторлору да кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.