Москвадагы Жеңиш күнүнө арналган параддын видеосу

Москванын Кызыл аянтында Жеңиш парады өттү. Быйыл 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгы белгиленип жатат.

Бүгүнкү салтанатка жети өлкөнүн лидерлери: Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери, Армениянын премьер-министри катышты.

Парадды Кургактагы аскерлердин башкы командачысы, армиянын генералы Олег Салюков башкарып, парадды Орусиянын Коргоо министрлигинин башчысы Сергей Шойгу алып барууда. Анын айтымында, парадга 10 миңден ашык адам жана 120дан ашык курал-жарак жана аскердик техника тартылды. 

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков параддан кийин Белгисиз жоокерге гүлчамбар коюу пландалып жатканын, андан соң мамлекет башчылары орус президенти менен бейформал тамактанарын билдирген. Кремль ошондой эле парадда коопсуздукту камсыздоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө убада берди.