Москвадагы Жеңиш парадына башка өлкөнүн башчылары чакырылган эмес

Чет элдик лидерлер 2022-жылы Жеңиш күнүн белгилөө үчүн Москвага чакырылган эмес. Бул тууралуу Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

«Бул биздин майрам, бул бүткүл Орусия үчүн, бардык орустар үчүн ыйык майрам. Бирок биз чет элдик лидерлерди чакырган жокпуз”,- деди Кремлдин өкүлү.

Ал кошумчалагандай, бул жыл юбилейлик дата эмес – Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендигинин 77 жылдыгы. Песков белгилегендей, Беларустун башчысы Александр Лукашенко да Москвага барбайт.

Буга чейин Кыргызстандын президентинин графигинде Москвага сапары жок экени айтылган. Садыр Жапаров 9-майда Бишкектеги Жеңиш аянтында өтө турган митинг-реквиемге катышат.