Москвадагы мигранттардын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүсүн жумуш берген адам каржылайт

Москвада “Спутник Лайт” вакцинасы менен эмдөө башталганын аталган шаардын мэриясынан билдиришти. Маалымат боюнча, эртең, 29-июнда Орусиянын борборунда эмгек мигранттары үчүн дагы бир эмдөө пункту ачылат. Ал Садовод соода борборунун аймагында жайгашат. Пункт күнүнө 2 миңден ашуун адамды тейлей алат.

Мигранттарды эмдөө пилоттук режимде башталат. Эмдөөнүн убактысы жумушчунун арызы каралгандан кийин гана белгиленет. Ошондой эле, 1,3 миң рубль эмдөө кызматы жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт.