Москвадагы теракт боюнча кармалгандардын жакындары Душанбеде суракка алынып жатканы айтылды

Москвадагы «Крокустун» имаратына кол салууга айыпталгандардын жакындары менен Душанбеде тергөө иш-чаралары жүрүп жатканын тажик коопсуздук кызматындагы булактарына таянуу менен Reuters жана РИА Новости жазып чыгышты.

Reuters агенттигинин маектештери тактагандай, орусиялык тергөөчүлөр 26-мартта Душанбеге барып, камакка алынган 4 тажик жаранынын жакындарын суракка алышкан. Орус тараптын өтүнүчү менен алардын үй-бүлөлөрү Тажикстандын борборуна Вахдат жана Гиссар шаарларынан, ошондой эле Рудаки районунан алып келинген.

РИА Новости агенттигинин булагы туугандарын орусиялык же тажикстандык күч органдары суракка алганын тактаган эмес. Маалыматка караганда, тергөөнүн жүрүшү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун көзөмөлүндө, ал күн сайын тергөөнүн жүрүшү боюнча бардык маалыматтарды алып жатканы айтылды.