Москвадагы теракт боюнча 8-айыпталуучу сотко жеткирилди. Ал Кыргызстанда төрөлгөн Орусиянын жараны

Москванын Басман сотуна «Крокус сити холлдо» болгон теракт боюнча сегизинчи айыпталуучуну камакка алуу боюнча тергөөдөн өтүнүч түшкөнүн ТАСС жазды. Шектүү сотко жеткирилген.

«Сотко Тергөө комитетинен имараткаа кол салууга шектелген Алишер Хатамович Касимовду камакка алуу өтүнүчү келип түшкөн», — деп жазылат маалыматта.

Касимов Ош шаарында туулган, Орусиянын жараны, үч баласы бар.

«Мен Красногорск шаарында кафе иштетем, жеке ишкермин», — деди ал сотто. ТАСС жазгандай, Алишер Касимов террористтердин бирине батирди ижарага берип, ал жерде теракт даярдоо үчүн база уюштурган.

Судьянын суроосуна жооп берип жатып, Касимов анын ижарачыларынын терроризмге байланышы бар экенин билбестигин айтты. Анын айтымында, батир берүү боюнча жарнаманы интернетке чыгарып койгон.