Москвадан учуп чыгып, асманда айланып, Москвага кайра конгон өзгөчө рейс ачылды

“Победа” авиакомпаниясы Москвадан кайра эле Москвага каттам ачты. Анын билетинин баасы 7500 рубль турат. Авиакомпания 19-декабрь жана 20-декабрь күнү эки каттамды учурду. Биринчи каттамдын билеттери 8 мүнөттө, экинчи каттамдын билеттери 6 мүнөттө сатылып кеткен.

Жаңылыш угуп калган жокмунбу дедиңизби? Учак чындап эле Внуково аэропортунан көтөрүлөт, жүргүнчүлөр асманда бир жарым сааттай шаардын үстүн айланып, кайра эле Внуково аэропортуна конот. Интернетке тарап кеткен видеолордон айрым жүргүнчүлөр чемодан алып алышканын, аны жүк катары тапшырганын да көрүүгө болот.

Буга чейин мындай каттамдарды Тайвандын авиакомпаниялары киргизген болчу.