«Москвага келиши мүмкүн». Алла Пугачеванын сахнага кайтып келери айтылып жатат

Орусиялык басылмалар ырчы Алла Пугачева жаңы жылдык майрамдарда кайрадан сахнага кайтууну пландап жатканын жазышууда.

Mash жазгандай, ал Орусияда да концерт коюуга даяр. Продюсерлер ырчыга музыканттарды издеп жатышат. Концерт үчүн Примадонна рекорддук гонорар 500 миң доллар алгысы келет. Ошондой эле, Алла Борисовна Кипрде жана Дубайда ырдоону каалаганы белгиленген. Ал Орусияда концерт бере алат, бирок бир шарт менен – анын концерти сыр бойдон калышы керек. Коопсуздук кызматы көрүүчүлөрдүн телефондорун алып, сүрөт, видеого тартууга жол бербейт. Бул маалымат чынбы же калппы азыр белгисиз. Расмий маалымат бериле элек.

Алла Пугачева үй-бүлөсү менен Орусия Украинага согуш жарыялаганда чыгып кеткен.