Москвада 150 жылдык рекорд! Кардын калыңдыгы жарым метрге жетиши күтүлүүдө (видео)

«Ваня» циклонунун келиши менен Москваны кар басты. Кар күрткүлөрүнүн бийиктиги дээрлик 150 жылдык рекордду жаңылады. Бул тууралуу «Фобос» аба ырайы борборунун жетектөөчү адиси Евгений Тишковец РИА Новости сайтына билдирген. 

Анын айтымында, норма боюнча 15 сантиметр болсо, Москванын айрым аймактарында кардын калың катмарынын бийиктиги 38 сантиметрден 49 сантиметрге чейин жеткен.

Метеорологдор күндүн аягында шаарда жарым метрге жеткен кар күрткүлөрү пайда болорун айтышууда.