«Мурда да секирген». Казакстанда аял терезеден балдарын түртүп жиберип, өзү да бой таштаган

Казакстандын Павлодар шаарында аял эки баласын терезеден ыргытып, өзү да секирди. Бул тууралуу «Тенгри» жазды.

Маалыматка караганда, окуяга балдар аянтчасында ойноп жаткан балдар күбө болгон. «Ары качкыла, ары жакка ойногула» деп кыйкырды. Биринчи кичинекей баланы түртүп жиберди. Артынан эле чоңураак баласы кулады. Анан аял өзү секирди»,- деп айтып берген окуяга күбө болгон бала.

Аял 3-кабатта жашайт, бирок ал балдарын 5-кабаттагы терезеден түрткөн. Павлодар облустук тез жардам станциясынан билдиришкендей, «103» кызматына чакыруу 30-июль күнү саат 13:00дө түшкөн. Тез жардам кызматына Нурмагамбетов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде аял 5-кабаттын терезесинен эки баласын ыргытып, андан кийин өзү секирип кеткенин айтып, жолдон өтүп бара жаткан адам чалган. 

Павлодар облусунун балдар укуктары боюнча облустук комиссары Сауле Шакеневанын айтымында, жабыркаган балдар бир жарым жана 5 жашта. Дарыгерлер 34 жаштагы аялдын абалын оор деп баалап жатышат. 

Кошунасы Владимир Коптаев аял мурда да терезеден секиргенин айтты. «Үй-бүлө жакшы эле. Жаман эч нерсе айта албайм, бирок мурдагы жылдын май айында да аял балконунан секирген. Бир канча убакыт аксап жүрдү. Бул жерде 2 жылдан бери жашашат, аял үйүндө отурат, жолдошу жүк ташып иштейт», — деген ал.