Мурдагы аялын кулата чапкан кишинин видеосу тараган. Ал камакка алынды (видео)

Алматыда полиция мурдагы аялын сабаган адамды кармады. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. 

Ал соттун чечими менен 25 суткага камакка алынып, айып салынган. Видеодогу келиндин аты Салтанат экенин, ал жолдошу менен 11 жыл жашаган соң ажырашууну талап кылганы аныкталган. «Мен 11 жыл бою зордук-зомбулук кылган адам менен жашадым, ушунча жыл бою моралдык жактан да, физикалык жактан да зордук-зомбулуктар болду. Акыры чыдай албай турганымды билдим. Ал юрист болгон үчүн бардык маселесин телефон аркылуу бүтүрөт. Ал бул иши боюнча жооп бериш керек»,- деген аял.